Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов кызматтан алынды

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Дарданов бул кызматты 2023-жылдын март айынан бери аркалап келген.
Эске салсак, бүгүн президенттик администрациянын коллегиясында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров милдетин так аткарбагандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн Нурлан Дардановду иштен алуу сунушун президентке жолдогон болчу.
Базарбаев: аким, мэр, айыл өкмөттөр "мультипсихометр" аркылуу тесттен өтүүдө