Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада — 2024: дзюдочу Эрлан Шеров атаандашын жеңип кийинки баскычка чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада дзюдо боюнча мелдеште Эрлан Шеров 1/8 финалга чыкты.
Ал 91 килограмм салмакта килемге чыгып, кубалык Иван Фелипе Силва Моралести жеңди. Моралес Панамерика турниринин беш жолку жеңүүчүсү болгон.
Шеров кийинки баскычта испаниялык Тристани Мосахлишвили менен кармашат.
Олимпиада оюндары — 2024
Денис Петрашов Париждеги Олимпиаданын жарым финалында 14-орунду ээледи