Кыргызстан Сауд Арабия менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Сауд Арабия куткаруучуларды окутуу, машыктыруу боюнча биргелешип иш жүргүзүүнү максат кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Сауд Арабия өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча кызматташат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ министр Бообек Ажикеев Сауд Арабиянын Жарандык коргонуу мекемесинин башкы директору Хаммуд Сулейман Альфарадж баштаган атайы делегация менен жолуккан.
"Анда жарандык коргонуу, табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу талкууланып, 2019-жылы Эр-Риядда кол коюлган меморандумдун негизинде кызматташуунун багытын аныктаган жол карта түзүлдү. Документте Сауд Арабиядагы окуу борборлорунда Кыргызстандын куткаруучуларын, өрт өчүрүүчүлөрүн жана суучулдарын даярдоо каралган. Ошондой эле Кыргызстандагы тоо куткаруучуларынын жана суучулдардын даярдыгы боюнча окутуу курстарына Сауд Арабиясынын куткаруучуларынын жана суучулдарынын катышуусу жана ӨКМдин техникалык потенциалын жогорулатуу жаатында колдоо көрсөтүү белгиленген", — деп жазылат билдирүүдө.
Жолугушуунун соңунда аталган жол картага кол коюлду.
Тик учактар кайда? ӨКМ жетекчиси куткаруучуларды сындагандарга жооп берди