Вебкам сойкулугу кылмышка теңелди. Президент мыйзамга кол койду

Сойкулукту жана бузукулукту интернетте атайын платформа аркылуу уюштуруу укукка каршы экендигин белгилөө максатында мыйзам кабыл алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда вебкам менен сойкулук уюштургандарга мыйзам чегинде тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Айрым мыйзам актыларга (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Ал сойкулукту жана бузукулукту интернетте түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү укукка каршы экендигин белгилөө жана аталган жосундар үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында кабыл алынган.
Алсак, мыйзам төмөнкүлөрдү караштырат:
Кылмыш-жаза кодексине сойкулукту жана ыпластыкты интернет (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү;
Укук бузуулар жөнүндө кодекске сойкулук менен алектенүү үчүн жана порнографиялык мүнөздөгү аракеттерге интернетте түз эфирде (онлайн) катышуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган толуктоолорду киргизүү.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган.
Ташиев: акчалууларга интим кызматтарын көрсөткөн 200дөй элиталык сойку аныкталды