Олимпиада оюндары — 2024

Денис Петрашов Париждеги Олимпиаданын жарым финалында 14-орунду ээледи

Петрашов буга чейинки жарым финалга чыгуу үчүн жарышта 2 мүнөт 10 секунд 99 миллисекундада келген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Денис Петрашов Париждеги Олимпиаданын брасс стилинде 200 метр аралыктагы жарышта финалга өтө албай калды.
Ал белгиленген аралыкты 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп өтүп, сегиз адамдан турган өз тайпасында 7-орунду ээледи. Ал эми чабак урган жалпы 16 адамдын ичинен 14-орунду ээледи. Натыйжада ал аталган турнирдеги сапарын жыйынтыктады.
Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн сегиз спортчу 1-августта боло турган финалга жолдомо алды.
Петрашов буга чейинки жарым финалга чыгуу үчүн жарышта 2 мүнөт 10 секунд 99 миллисекундада келген болчу.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргыз спортуна оомат эми келди. Садыр Жапаров олимпиадачыларга ийгилик каалады