Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада: дзюдочу Эрлан Шеров чейрек финалга чыгуу үчүн беттеште жеңилип калды

Шеров буга чейин Панамерика турниринин беш жолку чемпиону болгон кубалык Иван Фелипе Силва Моралести жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары дзюдочу Эрлан Шеров үчүн жыйынтыкталды.
Ал 90 килограмм салмакта күрөштү. Чейрек финалга чыгуу үчүн беттеште испаниялык Тристани Мосахлишвили иппон ыкмасы менен жеңди. Иппон ыкмасы дзюдодо таза жеңишти түшүндүрөт.
Шеров буга чейин Панамерика турниринин беш жолку чемпиону болгон кубалык Иван Фелипе Силва Моралести жеңген.
Олимпиада оюндары — 2024
Денис Петрашов Париждеги Олимпиаданын жарым финалында 14-орунду ээледи