Чолпон-Атада "Ысык-Көл 2024" аталышындагы экономикалык форум өтөт

Ысык-Көлдө пландалган форумга Кытай, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн ишкерлердин келери күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Күзүндө10-сентябрда Чолпон-Атада "Ысык-Көл 2024" аталышындагы VIII экономикалык форум өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Ага Кытай, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн ишкерлердин келери күтүлүүдө.
"Энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттык сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура, курулуш (инженерия), маалыматтык технологиялар, логистика жана башка темаларда талкуулар болот. Делегациялардын кеңири курамын эске алуу менен жергиликтүү ишкерлерди бул иш-чарага катышууга чакырабыз. Анткени бул жолугушуу кызыктуу инвестициялык долбоорлордун башаты болуп калат", — деп жазылат маалыматта.
Сурап-билүү үчүн телефондор: 0312 300 232, +996 222 012 000
Чүйдө айнек материалдарды жана терезелерди чыгарган завод курулууда