ӨКМдин Бишкектеги өрткө каршы бөлүгү 54 метрлик автошатылуу болду. Сүрөт

Чолпон-Атада, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте өрткө каршы бөлүктөр курулуп, ишке берүүгө даярдалып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында өрткө каршы жаңы төрт бөлүк ачылып, бирөөнө 54 метрлик автошаты алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1 / 2

Кыргызстандын аймагында өрткө каршы жаңы төрт бөлүк ачылып, бирөөнө 54 метрлик автошаты алынды

2 / 2

Маалыматка ылайык, бөлүктөр Чолпон-Атада, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте ишке киргизүү үчүн даярдалууда

Маалыматка ылайык, бөлүктөр Чолпон-Атада, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте ишке киргизүү үчүн даярдалууда.

"Имараттарда өрт өчүрүүчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир бөлүк беш тонналык бирден өрт өчүрүүчү жана пикап үлгүсүндөгү автоунаа, гидравликалык куткаруу шаймандары менен толукталган. Ошондой эле бир 54 метрлик автошаты алынган", — деп айтылат маалыматта.

Автошаты 200 миңден ашуун адамды тейлеген Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы бригадага бөлүнөт.
Радио
"Мурда ишиң эмне дешчү, азыр көз караш өзгөрдү". Өрт өчүрүүчү дыйкан тууралуу