Акылбек Жапаров Таластын бир катар аткаминерлерин иштен алууну сунуштады

Төрага кабыл алынган чечим башкаларга сабак болушу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунун бир катар аткаминерлерин иштен алуу сунушун президентке жолдоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечим президенттик администрациянын бүгүнкү коллегиясында кабыл алынган.
Өзүнүн милдеттерин так аткарбагандыгы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн:
облус жетекчиси Нурлан Дарданов, облустук администрациянын аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу сунушталат;
облус башчынын биринчи орун басары Талантбек Эдиловго, Бакай-Атанын акими Алгынбай Имаровго жана Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевге сөгүш берүү боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды.
Акылбек Жапаров бул башкаларга сабак болушу керектигин белгилеп, мындай текшерүүлөр ар бир облуста жүргүзүлөрүн билдирди.
Акылбек Жапаров: өлкө экономикасы Кумтөрсүз деле өсүш көрсөтүп жатат