БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы 1 906 айыл болсо, анын 637си гана таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакында 1 071 айылга ичүүчү суу киргизилет.
Мындан тышкары, 260 айыл жана калктуу пунктуларга таза суу киргизүү боюнча программа иштелип жатат. Анын алкагында:
Жалал-Абад облусундагы 24 айыл, 6 шаар;
Баткен облусундагы 72 айыл, 6 шаар;
Ош облусундагы 42 айыл, 4 шаар;
Талас облусундагы 17 айыл, 1 шаар;
Чүй облусундагы 42 айыл, 5 шаар;
Ысык-Көл облусундагы 20 айыл, 3 шаар;
Нарын облусундагы 43 айыл, 1 шаар ичүүчү суу менен камсыз болмокчу.
Министрлик мындан бөлөк, жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча 2024-2030-жылдары скважиналар боюнча программа ишке ашырыларын кошумчалады. Анын алкагында 1 155 скважина оңдолуп, ага 3,6 миллиард сом сарпталууга тийиш экенин кошумчалады.