Радио

Бишкек тоо-кен колледжи Россиянын ЖОЖдору менен тыгыз кызматташат

Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжинин директору Салтанат Жээналиева Кыргызстан тоо-кен, геология тармагындагы адистерди даярдоодо Борбор Азияда алдыда экенин айтты.
Sputnik
Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжи Россиянын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келет. Алсак, колледждин бүтүрүүчүлөрү бюджеттик негизде Урал мамлекеттик тоо-кен университетине тапшыра алышат. Бул тууралуу Салтанат Жээналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми Россиянын Томск мамлекеттик университети менен келишим түзүп, квалификацияны жогорулатуу жана окуу жайда билим алуу мүмкүнчүлүгү ачылды.
"Бишкек тоо-кен жана техникалык колледжи 2009-жылы ачылган. 9-класстын жана 11-класстын базасында абитуриенттерди алты кесиптик багыт боюнча кабыл алат. Өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кадр маселесин чечүү максатында түптөлгөн. Колледж Россиянын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келет. Алсак, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү бюджеттик негизде Урал мамлекеттик тоо-кен университетине тапшыра алышат. Жакында Томск мамлекеттик университети менен келишим түзүп, квалификацияны жогорулатуу жана окуу жайда билим алуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Көбү Россияда иштеп, тажрыйба топтоп өлкөгө келүүдө. Анткени бул тармакка тартылган инвестициянын көлөмү өсүп, ири ишканалар ачылып, тажрыйбалуу адистерге суроо-талап жогору бойдон калууда ", — деди Жээналиева.