РФ ТИМи: АКШ, Япония үч мамлекетти шылтоолоп согуш чыгарууга камынгандай

Аскердик активдүүлүк Азия-Тынч океан аймагында чыңалуунун деңгээлин жана курал жарышуусун күчөтөрү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. АКШ менен Япония Түндүк Корея, Кытай жана Россия кооптуулук жаратып жатат деген шылтоо менен жаңы аймакта ири куралдуу чатакка даярданып жаткандай. Бул туурасында РФ ТИМинин маалымат жана басма сөз департаментинин орун басары Андрей Настасьин Вашингтон менен Токионун бекемдеп бараткан аскердик кызматташуусуна комментарий берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Эки жак тең Түндүк Корея, Кытай жана Россия тараптан коркунуч келип жатат деген нерсеге жамынып, Азия-Тынч океан аймагында масштабдуу куралдуу чатакка болушунча даярданып жаткандай элес калтырат", — деген ал шаршемби күнү өткөн брифингде.
Настасьин бул жаатта олуттуу эскертүүлөр болгонун белгиледи.
"Мындай активдүүлүк Азия-Тынч океан аймагында чыңалуунун деңгээлин жана курал жарышуусун күчөтөрү боюнча бир нече ирет эскертүү болгон", — деди ал.
РФ ТИМи: Финляндиядагы машыгуулар — НАТОнун чагымы