Радио

Өмүрзаков: күз айларында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

Мамкызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков күзүндө республикада жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөрүн айтты.
Sputnik
Бул админстративдик-аймактык реформанын негизинде болмокчу.
Админстративдик-аймактык реформа алгач Түп районунда жүрүп, 13 айыл аймагы беш айыл аймагы болуп бириккен эле. Андан соң облустук деңгээлде Нарында өтүп, айыл аймактары 63төн 27ге кыскарган. Азыркы учурда ушундай эле сынамык негизде республика боюнча айыл аймактары жана шаарлардын деңгээлинде 1-этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реформанын негизинде борбор калаа Бишкектин аймагы үч эсеге чоңойду.
"Аймактык-территориялык реформанын негизинде 452 айыл аймагы 235ке кыскарды. Ал эми буга чейин 32 шаар болсо, 33 болуп өзөгрдү. Башкача айтканда, жалаң эле ирилештирүү эмес, бөлүштүрүү иштери да жүрдү.
Таш-Көмүр шаары үчкө бөлүндү. Шамалды-Сай аймактык башкаруусу Ноокен районунун курамына кирип, райондук шаар болуп түзүлдү. Ал эми Теңдик аймактык башкаруусу Таш-Көмүр шаарына караган беш айылдан турчу, алар Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө карап калды. Ошондой эле борбор калаага сегиз айыл аймагы кошулуп, калкынын саны да өстү, территориясы да чоңойду. Эми мунун алкагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо дайындалып, мыйзам боюнча ушул күз айларында өтүшү керек. Бул админстративдик-аймактык реформанын 1-этабы деп жатабыз, алдыда дагы уланышы керек. Негизи мындай ири долбоорлор кыска мөөнөттө бүтүп калбайт. Андыктан алдыдагы жылдары да жүрө берет", — деди Өмүрзаков.
Ал аймактык реформа Баткен облусунун бир гана Баткен районунда жүргөнүн, калганы чек ара маселелери чечилген соң уланарын кошумчалады.