“Түрк эли” термини кайдан келип чыккан? Кыргыздар менен байланышы канчалык

Sputnik
“Түрк атанын балдарыбыз”, “түрк тилдүү элдер”, деп сүйлөп, жазып келгенибиз менен анын түпкү маанисине көңүл бура бербейбиз. Эмнеге түрк деп аталып калган? Анын кыргыздарга кандай байланышы бар? Чынында эки эл тууганбы? Азыркы Түркияны жердеген түрктөр кимдер? Түбүбүз бир элби? Андай болсо тарыхтын кайсы бүркүмүнөн ажыраганбыз? Айтор суроолор көп. Бул боюнча тарых эмне дейт, тарыхый табылгалар кандай маалыматтарга ээ?
"Кеменгер” программасынын алкагында археолог, тарых илимдеринин доктору, професор Кубатбек Табалдиев кызыктуу маек куруп берди.