Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте саат 15-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы! Алгач кыскача анонс:
Олимпиадада Эрлан Шеров сегизден бир финалдык баскычка чыктыРоссия ИИМинин Башкаруу академиясынан 4 кыргызстандык диплом алдыАйылдардын көпчүлүгү таза суу менен камсыз болгон эмес алдыда кененирээк
Кыргызстандагы 1 906 айыл болсо, анын 637си гана таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жакында 1 071 айылга ичүүчү суу киргизилет. Алар; Жалал-Абад облусундагы 24 айыл, 6 шаарга киргизилсе, Баткен облусундагы 72 айыл, 6 шаарга, Ош облусундагы 42 айыл, 4 шаарга, Талас облусундагы 17 айыл, 1 шаар таза суу менен камсыз болот. Ал эми Чүй облусундагы 42 айыл, 5 шаар, Ысык-Көл облусундагы 20 айыл, 3 шаар жана Нарын облусундагы 43 айыл, 1 шаарга ичүүчү суу кирет.Мындан тышкары, 260 айыл жана калктуу пункттарга таза суу киргизүү боюнча программа иштелип жатат.
Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынан 4 кыргызстандык диплом алды. Бул туурасында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Поклонная тоосундагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинин даңк залында Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине өтүп, алардын катарында кыргызстандык үч бүтүрүүчүгө магистрдин, ошондой эле бир адъюнктуга академиянын илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетин ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу диплом тапшырылган. Аземге Россиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, академиянын профессордук-окутуучулук курамы, чет элдик өкүлдөр, ардагерлер, бүтүрүүчүлөр катышкан.
Париждеги Олимпиадада дзюдо боюнча мелдеште Кыргызстандык Эрлан Шеров сегизден бир финалдык баскычка чыкты. Ал 91 килограмм салмакта килемге чыгып, кубалык Иван Фелипе Силва Моралести жеңип алды. Ал буга чейин Панамерика турнирин беш жолку жеңүүчүсү болгон. Эрлан Шеров кийинки баскычта испаниялык Тристани Мосахлишвили менен кармашат.
Мобилизациялоону күчөтүү боюнча май айында мыйзам кабыл алынгандан бери Украина бийлиги адамдарды аскерге 30 миңден чакырып жатат. Бул тууралуу New York Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Мобилизациялоону ичинен билген аскердик үч серепчи бул сан кыштагыдан эки-үч эсе көп экенин билдиришкен. Басылма ошол эле учурда жогоруда айтылган санды тастыктоого мүмкүн болбогонун белгилеген. Буга чейин мобилизация боюнча кабыл алынган чаралар согуш талаасында күтүлгөндөй натыйжа бербей жатканы айтылган. Көптөрү даярдыктан өтүп фронтко салына электигин, ал эми жеткендеринин даярдыгы начар болуп жатканын белгилешкен. Украинанын аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү мобилизация курагындагы эркектерди уруп-сабап алып кетип жаткан видеолор интернетте кеңири тарап келет. Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзам 18-майда иштей баштаган. Документ күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде бардык аскерге милдеттүүлөр аскер комиссариатынан өз маалыматтарын тактоого милдеттүү.