1-августка карата аба ырайы

1-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 1-август, бейшембиде, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жергесинде 27…32, Нарын өрөөнүндө +28...+33 градус болот.
Бишкекте жана Ош шаарында термометр +37...+39, Чолпон-Атада +26...+28 градусту көрсөтөт.
Күнөстөгөн мамалактар, саксынган илбирс. Көлдөгү коруктан тартылган сүрөттөр