Олимпиада оюндары — 2024

"Уят..." Трамп Париж Олимпиадасынын ачылышы туурасында

XXXIII жайкы Олимпиаданын ачылышындагы кетирилген кемчиликтер боюнча коомчулуктагы талкууга али чекит коюла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Fox News телеканалындагы интервьюда Париждеги Олимпиаданын ачылышындагы "Жашыруун кечке" жасалган пародияга шылдың, уят деген баасын бергенин РИА Новости жазды.
Эске салсак, XXXIII жайкы Олимпиаданын ачылышы Парижде 26-июлда болгон.
Буга чейин уюштуруу комитетинин коммуникация боюнча директору Энн Дескам кээ бирлерди шылдыңдагандай болуп калганы үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сураган. Кеп бул Леонардо да Винчинин "Жашыруун кече" картинасына жасалган пародия туурасында жүргөн.
"Мен ар нерсеге кеңири көз караш менен мамиле кылган адаммын. Бирок алардын минтип жасаганы... албетте, уят. Бул шумдук эле нерсе", — деген Трамп. Эгерде Олимпиада оюндары АКШда анын президенттиги учурунда өткөн болсо дүйнөдөгү христиандардын ишеними мынчалык мазакталбайт эле деген тейде пикирин жыйынтыктаган.
Бул көрүнүш туурасында америкалык ишкер Илон Маск X тармагындагы аккаунтуна да жазып, аны христиандарды сыйлабастыктын ачык көрүнүшү болгонун белгилеген.
64 өлкө баш тартканы менен баары бир өткөн Олимпиада-80. Видео