“Орто Азия романсиадасы” сынагы жарыяланды. Убакыт-шарты

Сынакка көркөм өнөр окуу жайларынын, музыкалык мектептердин окуучулары жана Борбор Азиядагы орус романстарынын 6 жаштан 35 жашка чейинки сүйүүчүлөрү катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте 24-октябрда “Орто азиялык романсиада” орус романсын аткаруучуларынын VIII эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Русский дом борборунан билдиришти.
Иш-чара XXVIII эл аралык "Романсиада-2024" конкурсунун программасына киргизилген. “Орто азия романсиадасынын” жеңүүчүлөрү декабрда Москвада өтө турган “Романсиаданын” финалына катышат.
Сынакка көркөм өнөр окуу жайларынын, музыкалык мектептердин окуучулары жана Борбор Азиядагы орус романстарынын 6 жаштан 35 жашка чейинки сүйүүчүлөрү катыша алат. Арыздарды maestroromans@mail.ru электрондук почтасына “Орто азиялык романсиада” жазуусу менен 17-октябрга чейин жөнөтүү зарыл.
Конкурс тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде https://disk.yandex.ru/d/ghbFRftgd8qhow жазылган. Катышуу акысыз.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкектеги Русский дом, Маданий жана гуманитардык демилгелердин фонду, “Русский мир” фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын колдоосу менен “Романсиада” кайрымдуулук фонду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу конкурстун медиаөнөктөшү.
Бишкекте Борбор Азиядан барган советтик чалгынчы тууралуу тасма көрсөтүлөт