УКМК: Ошто кармалган чет өлкөлүктөн 6 млн. сомдук гашиш алынды

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңгизат каналын түзгөн уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет мамлекеттин жараны Д.М. кармалган. Андан жалпы салмагы 15 килограммды түзгөн (базар баасы 6 миллион 500 миң сом) 15 брикет гашиш алынган.
"Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Д.М. баңгизатты кийин сатуу максатында Өзбекстандын Фергана облусуна өткөрүп берүү ниетин мойнуна алган. Мындан улам 2024-жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту тарабынан Д.М. 16-сентябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө уланып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Тажикстандан Кыргызстанга афган баңгизатын ташыган канал бөгөттөлдү