Бийлик жумуш берүүчүлөр жакын арада айлыкты көтөрөт деп күтүүдө

Иш берүүчүлөр мурда камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн 17,25 пайыз төлөшсө, эми 2,25 пайызга түшүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги кичи жана орто бизнестеги абийирдүү иш берүүчүлөр жакын арада кызматкерлердин маянасын 10 пайыздан кем эмес көтөрөт деп күтүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бизнестин каржылык жүгүн жеңилдетүү жана аны көмүскөдөн чыгаруу максатында камсыздандыруу төгүмдөрүн азайтуу боюнча мыйзамга кол коюлганын эске салды. Иш берүүчүлөр мурда камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн 17,25 пайыз төлөшсө, эми 2,25 пайызга түшүрүлдү. Эскерте кетсек, мындан тышкары, кызматкер өзү дагы 10 пайыз төлөйт (бул ставка өзгөртүүсүз калтырылды).
"Жеке сектордун көпчүлүк бөлүгү үчүн Социалдык фондго төлөмдөр 15 пайызга чейин кыскарганын эске салгым келет. Бул чакан жана орто бизнестеги ак ниет иш берүүчүлөргө жакынкы келечекте эмгек акыны кеминде 10 пайызга жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Байсалов.
Радио
Сыргабаев: бизге укугу бузулган иш берүүчү да, кызматкер да кайрыла алат