ӨКМ: жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлдөнүүдө

Тоо башындагы көлдөр мөңгүнүн эришинен улам жырылып кетиши ыктымал, ошондуктан күн ысык кезде алар тыкыр көзөмөлдөнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлгө алынганын ӨКМден билдиришти.
1 / 3

Жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлгө алынганын ӨКМден билдиришти

2 / 3

Маалыматка ылайык, 15-августка чейин күн ысык болот деген маалыматтан улам көлдөргө ар тараптуу байкоо жүргүзүлөт

3 / 3

ӨКМден тоо башындагы көлдөр августтун этегине чейин адистердин байкоосунда болуп турарын кошумчалашты

Маалыматка ылайык, 15-августка чейин күн ысык болот деген маалыматтан улам көлдөргө ар тараптуу байкоо жүргүзүлөт.
"Тоо башындагы көлдөрдү изилдеп, алардын жырылуусунан келчү кесепетти алдын алуу жана жоюу үчүн комплекстүү көзөмөл жүргүзүлүүдө. Алгач космостон тартылган сүрөттөр изилденип, аба ырайы талданат. Андан соң эл жашаган жерлерге жана инфраструктурага зыян келтирүү коркунучу бар эң кооптуу көлдөр тандалып, аларга дрон аппараттарынын жардамы менен изилдөө жүргүзүлүп, негизги чен-өлчөмдөрү каралат", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМден тоо башындагы көлдөр августтун этегине чейин адистердин байкоосунда болуп турарын кошумчалашты.
Сел кооптуулугу бар. Бишкек мэри өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты талкуулады