900 тонна дөңгөлөктү кайра иштетти. Президент Токмоктогу заводго барды

Заводдун жетекчилиги мамлекет башчыга ишкананы тесттик режимде толук ишке киргизүү жыл соңуна пландаштырылганын маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Токмоктогу дөңгөлөктү кайра иштеткен заводго барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Токмоктогу дөңгөлөктү кайра иштеткен заводго барды

2 / 6

Кабарга ылайык, завод былтыр августта сыноо режиминде ишке киргизилген

3 / 6

Заводдун жетекчилиги мамлекет башчыга ишкананы тесттик режимде толук ишке киргизүү жыл соңуна пландаштырылганын маалымдады

4 / 6

Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу менен завод саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштете алат

5 / 6

Жылына 2000ге чейин ири габариттүү жана 8000ге чейин орто жана жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире алат

6 / 6

Өндүрүлгөн продукция экспортко дагы чыгарылат, ушул күнгө чейин 8 ай сыноо режиминде 900 тонна дөңгөлөктү кайра иштеп чыккан

Кабарга ылайык, завод былтыр августта сыноо режиминде ишке киргизилген. Заводдун жетекчилиги мамлекет башчыга ишкананы тесттик режимде толук ишке киргизүү жыл соңуна пландаштырылганын маалымдады.
"Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу менен завод саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштете алат. Жылына 2000ге чейин ири габариттүү жана 8000ге чейин орто жана жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире алат", — деп айтылат маалыматта.
Өндүрүлгөн продукция экспортко дагы чыгарылат, ушул күнгө чейин 8 ай сыноо режиминде 900 тонна дөңгөлөктү кайра иштеп чыккан.
Чүйдө айнек материалдарды жана терезелерди чыгарган завод курулууда