Аймактык-административдик реформанын алкагында жергиликтүү кеңештер таркатылат

Кабыл алынган мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары такталып, мөөнөтү беш жылга чейин узартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Аймактык-административдик реформанын алкагында жергиликтүү кеңештер таркатылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнда кабыл алынган.
Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары такталып, мөөнөтү беш жылга чейин узартылган.
"Мыйзам күчүнө кириши менен айыл аймактар жана шаарларда административдик-аймактык түзүлүш өзгөрөт. Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылууга тийиш", — деп белгиленген мыйзамда.
Буга чейин мыйзам күчүнө кирсе жергиликтүү кеңештерге мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү пландалып жатканы айтылган. Болбосо шаарлар кеңейип, шаардык кеңештердин депутаттары кескин көбөйгөн. Мисалы, Бишкектеги депутаттар 45тен 235ке жеткен болчу.
Жогорку Кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат