Сел жүрүү жана таш кулоо кооптуулугу бар аймактардын тизмеси

Министрлик ары-бери каттагандарды этияттап жүрүүгө, кырсык болсо 112 кызматына билдирүүнү эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы ыктымал деген жерлердин тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, 30-31-июлда жер-жерлерде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгыр суу каптоо коркунучун жаратышы ыктымал.
Төмөнкү аймактарда сел жүрүшү ыктымал:
Баткен: Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору;
Жалал-Абад: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо;
Ош: Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу;
Ысык-Көл: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң;
Чүй: Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин;
Нарын: Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор;
Талас: Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас.
Таш кулашы мүмкүн делген жолдор:
Бишкек — Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) жолунун 112-128-чакырымдарында;
Балыкчы — Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында;
Талды-Суу — Арал жолунун 4-5-чакырымында;
Ош — Исфана жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;
Мырзаке — Кара-Шоро жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24- чакырымында.
Министрлик ары-бери каттагандарды этияттап жүрүүгө, кырсык болсо 112 кызматына билдирүүнү эскертти.
40 градуска чейин ысыйт. Кыргызстан боюнча 3-августка чейинки аба ырайы