Кеминде чет өлкөдө жүргөндөрдү "окуткан" автомектеп аныкталды

Кеминде 45 документти жасалмалаган автомектептин жетекчилери жана мугалимдери кармалды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кемин районунда чет өлкөдө жүргөндөрдү "окуткан" автомектеп аныкталганын Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук ИИБ коррупциялык схеманы аныктап чыккан.
"Кемин районунда эки автомектептин жетекчилиги жана кызматкерлер өлкө сыртында жүргөн жарандардан акча алып, аларды окууга алынганы, окуганы жана экзамен тапшырганы тууралуу документтерге жалган маалыматтарды жазышкан. Натыйжада окууга келбегендерге айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окугандыгы тууралуу сертификат берилген. Алардын көпчүлүгү ошол жасалма сетификат менен айдоочулук күбөлүк алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары бир мектептин 39 жаштагы директору, экинчисинин 26 жаштагы мурдагы директору жана 34, 64 жаштагы мугалимдер кармалган.
Иликтөө учурунда 45тей документтин жасалмаланганы аныкталганын айтышты.
Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү