Ымыркайларга төрөлөрү менен ПИН ыйгаруу сунушталууда. Себеби

Кыргызстан кошулган Эл аралык пактынын 24-беренесинде ар бир бала төрөлгөндөн кийин катталат, ошол замат ысым жана жарандык алууга укугу бар экендиги жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Балдарга төрөлөрү менен идентификациялык жеке номерди ыйгаруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, 1966-жылдын 16-декабрындагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын 24-беренесине ылайык, ар бир бала төрөлгөндөн кийин каттоого алынып, ысым жана жарандык алууга укугу бар.
"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрөлгөн наристелердин дээрлик 90 пайызы ыйгарым укуктуу органдардан каттоодон өтөт. Бул жарандар баланын туулгандыгын каттоо үчүн бир ай же андан кеч кайрылганын билдирет. Натыйжада алардын оорукана, бала бакча, социалдык коргоо сыяктуу базалык кызматтарды алуусу кыйындоодо. Муну эске алып, төрөлгөндүгү боюнча маалым каттын негизинде ата-энеси кайрылгыча эле (атасы же энеси) ымыркайга ПИН ыйгаруу каралган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бюджетти толтуруу максатында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ПИНди акы төлөө негизинде берүү сунушталууда.
Жарым жылда ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар айтылды