Чүйдө айнек материалдарды жана терезелерди чыгарган завод курулууда

Инвестициялык долбоор президент Садыр Жапаровдун 17-июлда Өзбекстанга сапарынын алкагында өткөн Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда макулдашылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Чүйдө 5 миллион долларга айнек материалдарды жана терезелерди чыгарган завод курулууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди.
Маалыматка ылайык, Новопокровка айылында курула турган завод ар кандай түрдөгү айнек материалдарын, анын ичинде жөнөкөй жана түстүү кош айнек терезелерин жана фасаддарды чыгарат.
"Бул инвестициялык долбоор президент Садыр Жапаровдун 17-июлдагы Өзбекстанга сапарынын жүрүшүндө өткөн Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, "Гласс Центр" ЖЧКсы жана "Чыгыш" өзбек ЖЧКсынын ортосунда кол коюлган үч тараптуу меморандумдун алкагында ишке ашырылууда", — деп айтылат маалыматта.
Завод заманбап жабдуулар менен камсыздалып, курулушу 5 миң чарчы метрден кем эмес аймакта өндүрүштүк жайларды түзүүнү камтыйт.
Жаңы Ак үйдүн курулушу бүткөнү калды. Асмандан көрүнүшү