Радио

Атамкулов: Кыргызстан Евразиядагы ири автохаб боло алат

Чет өлкөдөн автоунаа ташып иштеген ишкер Аязбек Атамкулов Кыргызстан Дубай шаарынын тажрыйбасын эске алып, өлкөдөн автокөлүктөрдү экспорттоо үчүн транзиттик коридор түзүү механизмдерин карап чыгышы керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстан региондогу ири автохаб боло алат. Коңшу мамлекеттерге, Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө унаа тараткан ири аянтча түзсө болот. Бул тууралуу Аязбек Атамкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ыңгайлуу салык режими бар аймак түптөлсө кыргызстандыктардын экономикалык абалы жакшырат, өлкөнүн автоунаа паркы жаңыланат, жумуш орундары түзүлөт, киреше өсөт.
"Кыргызстан региондогу ири автохаб боло алат. Коңшу мамлекеттерге, Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө автокөлүк тараткан ири аянтча түзсө болот. Кыргызстан Дубай шаарынын тажрыйбасын эске алып, өлкөдөн автоунааларды экспорттоо үчүн транзиттик коридор түзүү механизмдерин карап чыгышы керек. Мисалы, ыңгайлуу салык режими бар эркин экономикалык зона түзүлсө кыргызстандыктардын экономикалык абалы жакшырат, өлкөнүн автоунаа паркы жаңыланат, жумуш орундары пайда болот, киреше түз казынага түшөт. ЕАЭБ рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл. Албетте, юристтер, экономисттер жол-жобосун иштеп чыкса, ишкерлер да практикалык жагынан көмөктөшөт", — деди Атамкулов.
Ошондой эле ал акыркы жылдары чет өлкөдөн түз машина сатып алгандардын саны кескин өскөнүн кошумчалады.