Камактагыларга телефон киргизгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталды

Түзөтүү мекемелерине тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы жактоочу, жакындары, кыска мөөнөттүк жолугууга келгендер жана абактын кызматкерлери тарабынан киргизилери айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Камактагыларга мобилдик жана башка байланыш каражаттарын киргизип бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелерине тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы камактагылардын жактоочусу, жакындары, кыска мөөнөттүк жолугууга келгендер жана абактын кызматкерлери тарабынан киргизилет.
"2021-2023-жылдары айыпталуучу жана соттолгондорго берүүгө аракет кылынган 6290 телефон, 1 миллион 880 миң 933 сом жана 539,9 литр спирт алынган. Жалпы тыюу салынган буюмдарды өткөрүп берүү фактылары боюнча 50 кылмыш иши козголгон", — деп жазылган негиздемеде.
Бул аракет үчүн Укук бузуулар кодексинде каралган 17 миң 500 сом айып салуу жакшы натыйжа бербей жатканы жазылган. Ошондуктан муну 30 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Башкача айтканда, камактагыларга мобилдик жана башка техникалык байланыш каражаттарын же алардын ишин камсыз кылуучу комплектөөчүлөрүн кандай ыкма менен болбосун берүүгө аракет кылгандарга ушул жаза каралууда. Эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса 50 миң сом айып салынат.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык, тыюу салынган буюм жана азыктарды бергени үчүн жазага тартылган адам жорукту кайталап жасаса 50-100 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга кара жумушка кесилет.
Бычактын түрү табылган. Чүйдө абакта чыккан чуу токтотулду. Сүрөт