Радио

5-августка чейин гепатит боюнча акысыз текшерүүдөн өтүңүз. Жол-жобосу

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова Кыргызстанда гепатитке каршы күрөшүү боюнча акция жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Гепатитке каршы күрөшүү боюнча 10 күндүктүн алкагында өлкөнүн бардык аймагында элдин аталган оору тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Үмүт Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чара 28-июль — Гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда. Текшерүүдөн өтүш үчүн кыргызстандыктар жашаган аймагындагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылышы керек.
"Өлкөдө гепатит дартына каршы күрөшүү боюнча акция жүрүүдө. Ал 28-июлдан 5-августка чейин уланат. Бүгүнкү күндө гепатит В оорусуна каршы эмдөө жүрүүдө. Бирок эмдөө алдында экспресс-тест жасалат. Илдет жок деп чыкса үч этап менен вакцина алат. Мисалы, биринчи эмдөөдөн бүгүн өтсө, экинчисин бир айдан кийин, үчүнчүсүн 6 айдан соң алат. Эгерде анализден ооруну жуктуруп алган деп чыгып калса каттоого алынып, дарыланат. Мунун баары акысыз жүргүзүлөт. Статистикалык маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө 135 миңге жакын адам гепатитке каршы эмдөөдөн өттү. Бирок бул аз. Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө да кайдыгер мамиле кылышууда. Мындан улам 10 күн ичинде калк арасында үгүттөө иштери жүрөт. Ал эми 1,6 жылдын ичинде вирустук гепатит 30 миңге жакын адамдан чыкты. Анын ичинен В түрүнө 20 миң, С түрүнө 10 миң киши чалдыккан. Оору Ош менен Жалал-Абадда көп катталууда. Балким, кээ бирөө бул жугуштуу дарт менен ооруганын билбей жүрөт. Анткени симптомдор көпкө чейин байкалбайт. Ошондуктан калкты гепатиттин В түрүнө каршы вакцина алууга жана С, Д түрүнө анализ тапшырып, дарылоодон өтүүгө чакырам. Ал үчүн кыргызстандыктар жашаган аймагындагы жалпы дарыгердик практика борборуна же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылышы керек", — деди Чокморова.
Ал ошондой эле аталган ооруга каршы вакциналар, ооруну аныктоо үчүн бардык анализдер жана дарылоо акысыз экенин кошумчалады.