Олимпиада оюндары — 2024

Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Спортчу Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
Ал брасс стилинде 200 метрлик аралыкта жарышка түшүп, 2 мүнөт 10 секунд 99 миллисекундада келди. Натыйжада 25 спортчунун ичинен жарым финалга өткөн 16 спортчунун катарына кирди.
Турнирдин жарым финалдык жарыштары 31-июлга караган түнү саат 1:59да башталат.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргыз спортуна оомат эми келди. Садыр Жапаров олимпиадачыларга ийгилик каалады