Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылды

Буга чейин жасалма көлгө Чоң Чүй каналынан суу толтурулуп келсе, эми бул үчүн скважиналар калыбына келтирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнүн жана Кара-Жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды жана борбордук фонтандын айланасына чыгармачылык үчүн аянтчаларды уюштурган. Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган.
1 / 4

Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнүн жана Кара-Жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду

2 / 4

Муниципалитет асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды жана борбордук фонтандын айланасына чыгармачылык үчүн аянтчаларды уюштурган

3 / 4

Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган

4 / 4

Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары бар

Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары бар.
Буга чейин жасалма көлгө Чоң Чүй каналынан суу толтурулуп келсе, эми бул үчүн скважиналар калыбына келтирилген.
Аймак жашылдандырылып, ачылыш аземи оюн-зоок программасы менен коштолду.
Бишкектеги Комсомол көлү таза суу менен толтурулду. Асмандан тартылган видео