31-июлга карата аба ырайы

31-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 31…36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 34…39, Ысык-Көл жеринде 26…31, Нарын өрөөнүндө 27…32 градус болот.
Термометр Бишкекте 33…35, Ош шаарында 36…38, Чолпон-Атада 26…28 градусту көрсөтөт.
Сел жүрүү жана таш кулоо кооптуулугу бар аймактардын тизмеси