Залкарлардын катарында “Эл артисти” наамын жаш алган обончу

Sputnik
Ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаков тирүү болгондо быйыл 64 жашка чыкмак. Ал катуу оорудан улам 2013-жылы каза болгон. “Кыргыз жери”, “Өрүкзарга кетели”, "Кайбереним", "Булакта", "Тоодогу айылым", "Айгүл тоо", "Аман жар” аттуу ырлардын автору болгон.
Апаз Жайнаковкөзү барда эч нерсеге кейибей, сый көрүп жашаганын досу Ашым Полотов эскерет. Обончу чыгармачылык күжүрмөн турмушка аралашып, ага-ини күтүп, толуп-ташып турганда ден соолуктун азабынан арабыздан кете берди. Ал бүгүн ырлары менен өлбөс ысымга айланып калды. "Кыргыз жери" ырын азыр кимдер гана билбейт. Ата, жубай катары да мыкты болгондугун уулу белгиледи.