Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Токмоктогу дөңгөлөктү кайра иштеткен заводго барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.Кабарга ылайык, завод былтыр августта сыноо режиминде ишке киргизилген. Заводдун жетекчилиги мамлекет башчыга ишкананы тесттик режимде толук ишке киргизүү жыл соңуна пландаштырылганын маалымдады."Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу менен завод саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштете алат. Жылына 2000ге чейин ири габариттүү жана 8000ге чейин орто жана жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире алат", — деп айтылат маалыматта.Өндүрүлгөн продукция экспортко дагы чыгарылат, ушул күнгө чейин 8 ай сыноо режиминде 900 тонна дөңгөлөктү кайра иштеп чыккан.
Жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлгө алынганын ӨКМден билдиришти.Маалыматка ылайык, 15-августка чейин күн ысык болот деген маалыматтан улам көлдөргө ар тараптуу байкоо жүргүзүлөт. "Тоо башындагы көлдөрдү изилдеп, алардын жырылуусунан келчү кесепетти алдын алуу жана жоюу үчүн комплекстүү көзөмөл жүргүзүлүүдө. Алгач космостон тартылган сүрөттөр изилденип, аба ырайы талданат. Андан соң эл жашаган жерлерге жана инфраструктурага зыян келтирүү коркунучу бар эң кооптуу көлдөр тандалып, аларга дрон аппараттарынын жардамы менен изилдөө жүргүзүлүп, негизги чен-өлчөмдөрү каралат", — деп айтылат маалыматта.ӨКМден тоо башындагы көлдөр августтун этегине чейин адистердин байкоосунда болуп турарын кошумчалашты.
Кемин районунда чет өлкөдө жүргөндөрдү "окуткан" автомектеп аныкталганын Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, облустук ИИБ коррупциялык схеманы аныктап чыккан."Кемин районунда эки автомектептин жетекчилиги жана кызматкерлер өлкө сыртында жүргөн жарандардан акча алып, аларды окууга алынганы, окуганы жана экзамен тапшырганы тууралуу документтерге жалган маалыматтарды жазышкан. Натыйжада окууга келбегендерге айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окугандыгы тууралуу сертификат берилген. Алардын көпчүлүгү ошол жасалма сетификат менен айдоочулук күбөлүк алышкан", — деп айтылат маалыматта. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары бир мектептин 39 жаштагы директору, экинчисинин 26 жаштагы мурдагы директору жана 34, 64 жаштагы мугалимдер кармалган. Иликтөө учурунда 45тей документтин жасалмаланганы аныкталганын айтышты.
Спортчу Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.Ал брасс стилинде 200 метрлик аралыкта жарышка түшүп, 2 мүнөт 10 секунд 99 миллисекундада келди. Натыйжада 25 спортчунун ичинен жарым финалга өткөн 16 спортчунун катарына кирди. Турнирдин жарым финалдык жарыштары 31-июлга караган түнү саат 1:59да башталат.