Жаратылышка зыян келтирбестен кантип туура эс алуу керек? Аяр мамиле кылуу кимден башталат?

Sputnik
Жай мезгили. Табияттын кооз жана жылуу мезгилинде туугандарың, досторуң менен жаратылышта эс алууга эмне жетсин. Бирок табият койнунда эс алуудан мурда жөнөкөй эрежелерди мээге түйүп алып, аны сактап, жаратылышка зыян келтирбестен эс алуу керек. Бардык нерсе тарбиядан башталат демекчи, балдарга жаратылышта эс алууну үйрөтүп, анын этикетин ата-эне өзү сактаса. Бүгүнкү күндө бизде бул нерсе курч маселе. Адамдар эс алгандан кийин артындагы акыр-чикирлерин жыйнап кетпейт. Өзүбүз эс алганыбыз менен жаратылыштын эсин оодарып кетебиз. Ой келди жерде от жагылып, жердин баары желим бөтөлкө болуп калат. Канткенде өзүбүз дагы чер жазып, жаратылышка дагы зыян келтирбейбиз?
Бул суроолорго адистер жооп берген. Ал үчүн биздин “Көз Мончок” программабызды тыңдаңыздар.