Көчмө клиникалар гепатит, ВИЧ, сифилис менен ооруган миңдеген бейтаптарды аныктоодо

Sputnik
2023-жылы Кыргызстан боюнча көчмө клиника 21254 бейтапты кабыл алыптыр. Алардын ичинен гипертониялык оорулар 10250, өнөкөт өпкө оорусу 6200, тонзиллит 1000 жана ар кандай оорулар менен 5600гө жакын бейтап аныкталган. Акушер-гинекологдун консултациясынан 15500гө жакын аял өткөн. 2016-жылдан бери мобилдик клиникалардын базасында 132 миң адам ВИЧке текшерилген. Алардын ичинен 31 жаңы учур аныкталып, учурда дарыланууда. 106 миң адамдан 4800нен гепатит В, 1400 гепатит С, сифилис 1160 кишиден аныкталган.
Ушул жана башка кенен маалыматты коногубуз Үмүткан Чокморова айтып берди.