Миллиарддаган бажы алымдары - Кыргызстан менен ЕАЭБдин алакасы

Sputnik
Кыргызстан ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча милдеттенмелерин толук аткарып бүттү. Бүгүнкү күндө бардык 14 өткөрүү пунктту бирдиктүү эрежелерге толук жооп берет. Акыркы модернизациялоо иштери кыргыз-тажик чек арасындагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүргөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев маек куруп жатып билдирди.
Ошондой эле ал Бажы кызматынын жыл башынан бери аткарган иштери, ийгиликтери, өксүктөрү тууралуу айтып берди.