Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Аймактык-административдик реформанын алкагында жергиликтүү кеңештер таркатылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Ага ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнда кабыл алынган.Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары такталып, мөөнөтү беш жылга чейин узартылган."Мыйзам күчүнө кириши менен айыл аймактар жана шаарларда административдик-аймактык түзүлүш өзгөрөт. Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылууга тийиш", — деп белгиленген мыйзамда. Буга чейин мыйзам күчүнө кирсе жергиликтүү кеңештерге мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү пландалып жатканы айтылган. Болбосо шаарлар кеңейип, шаардык кеңештердин депутаттары кескин көбөйгөн. Мисалы, Бишкектеги депутаттар 45тен 235ке жеткен болчу.
Балдарга төрөлөрү менен идентификациялык жеке номерди ыйгаруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.Маалыматка ылайык, 1966-жылдын 16-декабрындагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын 24-беренесине ылайык, ар бир бала төрөлгөндөн кийин каттоого алынып, ысым жана жарандык алууга укугу бар."Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрөлгөн наристелердин дээрлик 90 пайызы ыйгарым укуктуу органдардан каттоодон өтөт. Бул жарандар баланын туулгандыгын каттоо үчүн бир ай же андан кеч кайрылганын билдирет. Натыйжада алардын оорукана, бала бакча, социалдык коргоо сыяктуу базалык кызматтарды алуусу кыйындоодо. Муну эске алып, төрөлгөндүгү боюнча маалым каттын негизинде ата-энеси кайрылгыча эле ымыркайга ПИН ыйгаруу каралган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бюджетти толтуруу максатында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ПИНди акы төлөө негизинде берүү сунушталууда.
“Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мектептерге системалуу колдоо көрсөтөрүн жарыялады.Москвада өткөн “Евразиялык өзгөрүүлөр” форумунда постсоветтик өлкөлөрдө билим берүү жаатында эки ири долбоор ишке ашары жарыяланган. Алар: Евразиялык лицей жана Евразиялык педагогикалык кеңеш. Негизинен инновациялык билим берүү программалары киргизилип, класстар заманбап жабдуулар менен жабдылмакчы. Мугалимдер Россиянын мыкты билим берүү жайларында стажировкадан өтөт, алар үчүн стипендиялык программа иштелип чыгары кошумчаланды. Ар бир өлкөнүн маданияты, тарыхый жана диний өзгөчөлүктөрү эске алынары айтылды.
АКШнын мамлекеттик карызы 35 триллионго жетип, тарыхый рекорд жаратты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Финансы министрлигинин маалыматында айтылганын РИА Новости жазды.Конгресстин бюджеттик башкармалыгынын божомолу боюнча, АКШнын мамлекеттик карызы азыркы ИДПсынын 99 пайызынан 2034-жылы 122 пайызына чейин жетет.Ошол эле учурда Эл аралык валюта фонду 2032-жылга карата Американын мамлекеттик карызы ИДПга карата 140 пайыздан ашарын билдирүүдө. Фонд мындай өсүш улуттук, дүйнөлүк экономиканы коркунучка кептээрин эскертип, өлкө бийлигин мүмкүн болушунча тезирээк карызды кыскартууга чакырды.2021-жылы Жозеф Байдендин президенттик мөөнөтү башталганда АКШнын мамлекеттик карызы 28 триллион доллар болчу.