Эми ишкерлер соттолбойбу? Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон мыйзам кабыл алынды

Sputnik
Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзамдын максаты өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүүгө багытталган. Бул мыйзам менен КРдин Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине жана Жазык-процесстик кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзам кандай иштейт жана ишкердлер үчүн мындай сигнал эмнеден кабар берет?
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова маалымат берди.