Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Жайдын башталышынан бери Улуттук банк валюта рыногунан 202,5 миллион доллар сатып алды. Аталган регулятор долларды анын өйдө-ылдый болуп чайпалып кетпешине жол бербей кармап туруш үчүн жасайт. Улуттук банк быйылкы жайда алты интервенция жасаган, беш ирет сатып алып, бир жолу саткан: 4-июнь — 16,9 миллион доллар; 7-июнь — 40,7 миллион ; 13-июнь — 6 миллион 650 миң (сатуу); 19-июнь — 62,5 миллион; 11-июнь — 34,3 миллион; 26-июнь — 48,1 миллион доллар.
Кыргызстанда биринчи жолу студенттик медициналык бригада түзүлгөнүн КРСУнун маалымат кызматы билдирди. Кыргызстандан NaVi студенттик медициналык отряды катышып жаткан Бүткүл россиялык студенттик “Чакырык” медициналык бригадасынын салтанаттуу ачылышы 17-июлда болуп өттү. Анын курамында КРСУнун медицина факультетинин алты студенти бар. Татарстандын студенттик эмгек жамааттарынын республикалык борборунун директору аларга эмгек семестрине жолдомо тапшырды.Россиянын студенттик отряддары үчүн юбилейлик жылда Россиянын, Беларустун жана Кыргызстандын 57 студенти “Чакырык” медициналык бригадасынын “жоокерлери" болуп калышты. Алар Лениногорскиде жана Алметьевскиде (Татарстан) иштей башташты. Ошондой эле кенже жана орто медициналык кызматкерлер эмгек өргүүгө чыкканда эки ай бою медициналык мекемелерге жардам беришет. “Медициналык бригадада иштөө студенттерге тажрыйбалуу дарыгерлердин насаатчылыгы менен такшалууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандык Алия Өзбекова Москвада метронун рельсине кулап түшкөн кишини куткарып калды. Окуя 27-июлда болгон. Аял поезд жакындап калганда рельске кулап түшкөн кишини көрүп, жардамга умтулган."Мен "поезд келе жатат, жардам бергиле!" деп кыйкырдым. Аны араң алып чыктык", — деген ал. Бул кыргызстандыктардын метродон адамды өлүмдөн алып калган биринчи окуя эмес. 2016-жылы февралда Марат Исаев жана полиция кызматкери эси ооп рельске кулаган аялды куткарышкан. Бул эрдиги үчүн эки өлкөнүн президенттери аны сыйлаган.
Израиль согушту болтурбоо үчүн Ливанды шииттик "Хезболла" кыймылынын күчтөрүн артка кайтарууга чакырды. Бул тууралуу Израиль ТИМинин расмий өкүлү Орен Марморштейн Х соцбаракчасында билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, согуш чыгып кетсе ал Ливан үчүн кыйратуучу болот. "Тынчтыкты сактоонун бирден-бир жолу — согушту болтурбоо. Ливан ал үчүн "Хезболла" кыймылын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1 701 резолюциясын аткарууга мажбурлашы керек. Маселени дипломатиялык жол менен чечиш үчүн аз эле убакыт калды", — деп жазды ал. Коопсуздук кеңештин 1 701 резолюциясы Литани дарыясынын түштүгүндөгү аймакта БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү жана Ливандын аскердик бөлүктөрүнөн башка жоокерлердин болушуна жол бербейт.