Улуттук банк жайдын башталышынан бери 200 млн. доллар сатып алды

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл.— Sputnik. Жайдын башталышынан бери Улуттук банк валюта рыногунан 202,5 миллион доллар сатып алды. Аталган регулятор долларды анын өйдө-ылдый болуп чайпалып кетпешине жол бербей кармап туруш үчүн жасайт.
Улуттук банк быйылкы жайда алты интервенция жасаган, беш ирет сатып алып, бир жолу саткан:
4-июнь — 16,9 миллион доллар;
7-июнь — 40,7 миллион ;
13-июнь — 6 миллион 650 миң (сатуу);
19-июнь — 62,5 миллион;
11-июнь — 34,3 миллион;
26-июнь — 48,1 миллион доллар.
Улуттук банктын июндагы валюталык интервенциялары резервдерге кандай таасир этти?