ТИМ башчысынын орун басары Россиянын элчиси менен жолукту

Вакунов эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча иштешүүгө даярдыгын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.
Анда консулдук чөйрөдөгү кызматташтык жана миграция маселеси талкууланып, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын духунда эки тараптуу байланышты, мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленген.
Вакунов эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча иштешүүгө даярдыгын кошумчалады.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Бишкекке Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов келди