Тажикстандан Кыргызстанга афган баңгизатын ташыган канал бөгөттөлдү

Жергиликтүү тургундун жанынан салмагы 2,1 килограммдык өз-өзүнчө таңгакталган баңгизат чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Тажикстандан Кыргызстанга афган баңгизатын ташыган канал бөгөттөлгөнүн ИИМден билдиришти.
1 / 3

Тажикстандан Кыргызстанга афган баңгизатын ташыган канал бөгөттөлгөнүн ИИМден билдиришти

2 / 3

5-июлда эртең менен Кулунду айылынан (Баткен облусу) 28 жаштагы тургун кармалган

3 / 3

Милициянын маалыматына караганда, текшере келгенде анын жанынан салмагы 2,1 килограммдык өз-өзүнчө таңгакталган баңгизат чыккан

5-июлда эртең менен Кулунду айылынан (Баткен облусу) 28 жаштагы тургун кармалган.
Милициянын маалыматына караганда, текшере келгенде анын жанынан салмагы 2,1 килограммдык өз-өзүнчө таңгакталган баңгизат чыккан.
Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, бул каналга тиешелүү кишилер аныкталып жатканын айтышты.
Тажикстандан баңгизат ташуу каналын уюштургандар кармалды