Көөнө Сөз

Манасчы "сурум" деген сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директору, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манастагы "сурум" деген сөз адамдын ал-абалы дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
"Манас" театрынын директору, манасчы Нурбек Талантбеков
"Манаста "сурум" деген көөнө сөз кездешет. Ал абалы, шайы, жагдайы дегенди билдирет. Бул сөз баатырлардын ал-абалын сүрөттөгөн саптарда кездешет", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонууну жайылтуу керектигин кошумчалады.