БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өлкөдө телефонду милдеттүү каттатуу 15-августка чейин жылдырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мөөнөткө чейин каттоодон өтпөгөн уюлдук опператорлордун абоненттеринин аппараттары өчүрүлбөйт.
"Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерине жүктөлөт", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, министрлер кабинети жасалма телефондорду колдонуудан коргоо, уурдатпоону жана телефон алдамчылыгын жоюу максатында 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизген.