Бишкекте 2-августта чучук алмаштыруу операциясы жасалат

Саламаттык сактоо министри президент органдарды алмаштыруу операцияларын өлкө ичинде жасоону тапшырганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өлкөдө алгачкы ирет чучук алмаштыруу боюнча операция 2-августта жасалат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат.
"Президент органдарды өлкө ичинде алмаштыруу боюнча тапшырма койгон. 15-февралдан бери бөйрөк акысыз алмаштырылууда. Мындан тышкары, 74 адис Түркиядан, Россиядан даярдыктан өтүп келип, эки жарандын боору трансплантацияланды. Буга 55-150 миң долларга чейин керектелет. Каражаттын баары президенттик фонддон берилүүдө. Мындан тышкары, учурда чучук алмаштыруу үчүн тийиштүү жабдыктар алынды. 2-августта төрт жаранга акысыз операция кылуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө", — деди Бейшеналиев.
Ал ошондой эле катарлык дарыгерлердин жардамы менен 168 тубаса дүлөй балага операция жасалып, эми чоңдорго дагы жасоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.
Боору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыгарылды