Кыргызстанда биринчи жолу студенттик медициналык бригада түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу студенттик медициналык бригада түзүлгөнүн КРСУнун маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандан NaVi студенттик медициналык отряды катышып жаткан Бүткүл россиялык студенттик “Чакырык” медициналык бригадасынын салтанаттуу ачылышы 17-июлда болуп өттү. Анын курамында КРСУнун медицина факультетинин алты студенти бар. Татарстандын студенттик эмгек жамааттарынын республикалык борборунун директору аларга эмгек семестрине жолдомо тапшырды.
1 / 2

Кыргызстандан NaVi студенттик медициналык отряды катышып жаткан Бүткүл россиялык студенттик “Чакырык” медициналык бригадасынын салтанаттуу ачылышы 17-июлда болуп өттү

2 / 2

Анын курамында КРСУнун медицина факультетинин алты студенти бар. Татарстандын студенттик эмгек жамааттарынын республикалык борборунун директору аларга эмгек семестрине жолдомо тапшырды

Россиянын студенттик отряддары үчүн юбилейлик жылда Россиянын, Беларустун жана Кыргызстандын 57 студенти “Чакырык” медициналык бригадасынын “жоокерлери" болуп калышты. Алар Лениногорскиде жана Алметьевскиде (Татарстан) иштей башташты. Ошондой эле кенже жана орто медициналык кызматкерлер эмгек өргүүгө чыкканда эки ай бою медициналык мекемелерге жардам беришет.

“Медициналык бригадада иштөө студенттерге тажрыйбалуу дарыгерлердин насаатчылыгы менен такшалууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте Борбор Азиядан барган советтик чалгынчы тууралуу тасма көрсөтүлөт