Өлкөдө көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралууда

Алымкадыр Бейшеналиев учурда 150 адам бөйрөк, 15 бейтап боор алмаштыруу үчүн кезекте турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Өлкөдө көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда орган алмаштыруу керек болгондо туугандар гана донор боло алат.
"Азыр 2 600 адам гемодиализ алууда, булар бөйрөгү ооругандар. 18,5 миң киши гепатит, боордун циррозу менен жабыркайт. Бизде эң чоң көйгөй — донор табуу. Азыр ЖК депутаттары менен сүйлөшүп, ыктыярдуу жана көз жумгандан кийинки донорлукту көбөйтөлү деп жатабыз. Башка өлкөлөрдө бул ыкма колдонулуп келет. Биз ошону мыйзамга киргизсек муктаждык маселеси чечилет", — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Министр ага "тууганчылыгым жок, бирок досум, кошунам донор болууга даяр, уруксат бериңиздер" деп келгендер көп экенин айтты.
Ал учурда 150 адам бөйрөк, 15 бейтап боор алмаштыруу үчүн кезекте турганын кошумчалады.
Боору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыгарылды