Радио

Бегилерова: аймактарда адвокаттарды көбөйтүү боюнча иш жүрөт

Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова адвокаттардын жаңы муунун жаратуу зарылчылыгы турганын айтты.
Sputnik
Учурда өлкөдөгү адвокаттардын 60-70 пайызы түздөн-түз бул кесиптин ээлери эмес. Алар — юридикалык билим алып, башка тармактарда эмгектенип жүрүп жактоочулукка келгендер. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым райондордо бирден гана адвокат бар.
"Адвокаттык кесиптин аброюн көтөрүү маселеси ачык турат. Юриспруденциянын башка тармактарында иштеп жүрүп эле каалаган учурда адвокат болуп алуу мүмкүн деген түшүнүктү жоюшубуз керек. Тескерисинче, жактоочу болуу үчүн билим алып, башынан аны кесип катары караган муунду өстүрүү зарылчылыгы курч турат. Күздөн тарта мектептерди кыдырып, жогорку класттын окуучуларын адвокаттык кесип менен тааныштыруу иш-чараларын өткөрөлү деп турабыз. Ошондой эле өлкөдө 3000ден ашуун лицензиясы бар адвокат болгону менен айрым райондордо бирден гана иштегендери кездешет. Учурда Юстиция министрлиги менен сүйлөшүп, аймактарда эмгектенүүнү каалаган адвокаттарга лицензия берүүнү жеңилдетүүнү карап жатабыз. Биз сот же прокурор боло албай калсам адвокаттыкка кетем деген эмес, дал ушул кесипти аркалайм, кичи мекениме барып кызмат кылам деген адвокаттарды жаратышыбыз керек", — деди Бегилерова.
Ал территориялык адвокатураларга студенттерди өндүрүш практикасына көбүрөөк алуу зарылдыгын кошумчалады.